КАРЫНДАШ I
Толковый словарь кыргызского языка. 20151. Өзүнөн кичүү кыз бир тууган (эркек бир тууганына карата). Карындашы Динарды үйгө калтырып келгенине Аскар азыр өкүнүп да калды (Сыдыкбеков). Манастын жалгыз карындашы (Бөкөнбаев). || Аталаш туугандардын өзүнөн кичүү кыздары (аталаш эркек туугандарына карата). Бул кыз – менин карындашым. Экөөбүздүн аталарыбыз бир тууган – деп, Омор Жамалдын жөн-жайын түшүндүрө баштады («Ала-Тоо»). 2. Жашы улуу эркектер өзүнөн кичүү кыз-келиндерге, аялдарга кайрылуу иретинде айтыла турган сөз. Эмгекте жүргөн карындаш, Турмуштун көркү, жайдарым (Бөкөнбаев). «Мыскал карындаш» дешип, ал кызга сый тааныштай мамиле кылышат (Сыдыкбеков). – Эсенсизби, карындаш жан! (Нуркамал).